Ош шаарына Россиядан делегация келип, мектеп курула турчу жерди көрүштү

Прибытие делегации Управления президента РФ по межрегиональным и культурным связям с зарубежными странами во главе с ее руководителем Игорем Масловым в город Ош
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарына Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча администрациясынын жетекчиси Игорь Маслов баштаган делегация келди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Россиянын колдоосу менен курула турган жаңы билим берүү комплексинин жерин көрүүгө барышкан.
“Кароонун жүрүшүндө объектинин курулушун баштоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплексин тездетүү зарылдыгы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, делегация Түштүк федералдык университети (Ростов-на-Дону) менен Сибирь федералдык университетинин (Красноярск) базасындагы Макаренко атындагы №6 жана Алтыбаев атындагы №14 шаардык мектептердин инфраструктурасы менен таанышкан.
Алар ошондой эле көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барышып, анын тарбиялануучуларына белек беришкен.
Эскерте кетсек, бул мектеп-интернатка мурда жардам катары атайын окуу-методикалык адабияттар да берилген.
Билим берүү жана илим министрлигинин Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Тимур Дүйшеев
Радио
Россия сала турган 9 мектепти материалдык-техникалык жактан да камсыздайт