Москвада жана Санкт-Петербургда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарга ылайык, иш-чара 18-22-октябрда болуп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган.
Программасы:
18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, Москвадагы "Поклонка" кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт;
19-октябрь — Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, "Кылымдар мурасы" көргөзмөсү болот;
20-октябрь — гала-концерт, мекендештер менен жолугушуу, "Саадат какты" спектакли көрсөтүлөт;
22-октябрь — Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерт уюштурулат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.
Бишкекте жаңы форматтагы "Россия сени менен" аталышындагы борбор ачылды