Акылбек Жапаров ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Пакистанга барды

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Исламабад шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле минкаб башчысы 16-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.
ШКУнун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңеши Кыргызстанда өтөт