Жарандардын кайрылууларына жооп бербеген аткаминерлерге айып салуу сунушталды

Долбоордун максаты — аткаминерлердин жоопкерчилигин күчөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузган кызмат адамдарына айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анын негиздемесинде жарандар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу экени, ал эми кызмат адамдары белгиленген мөөнөт жана тартипте милдеттүү түрдө жооп бериши керектиги жазылган.
"Бирок жазалоо механизми каралбагандыктан бул милдет формалдуулук сыяктуу болуп калган. Буга президенттик администрацияга келип түшкөн көп сандаган даттануулар далил болуп саналат", — деп жазылган негиздемеде.
Мындан улам аткаминерлердин жоопкерчилигин жакшыртуу максатында Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Ага ылайык, кызмат адамдары жарандардын кайрылууларын кабыл алуудан жана кароодон мыйзамсыз баш тартса, кароо мөөнөтүн бузуп, жазуу жүзүндө же электрондук формада жооп жөнөтпөсө, кайрылуулардын мыйзамдарда белгиленген тартибин бузса беш миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.
Ошондой эле ушул сыяктуу ченем соттук-укуктук реформанын алкагында алып салынганы жана аны кайтаруу жакшы натыйжа берери белгиленди.
Салык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды