Москвадагы КМШ саммитинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. - Sputnik. Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жыйында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Алар:
2025-жылы КМШга төрагалык кылуу жөнүндө;
КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекеттердин башчыларынын шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө;
2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь) шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
"КМШга катышуучу мамлекеттерге жиберилчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө" конвенция тууралуу;
2010-жылдын 10-декабрындагы "КМШга катышуучу мамлекеттердин адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" протокол жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө;
КМШда 2027-жылды укуктук агартуу жылы деп жарыялоо жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекеттердин Коргоо министрликтер кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитеттин төрагасы жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун жетекчиси жөнүндө;
КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
КМШнын "Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө;
КМШнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.
Адилеттүү дүйнөлүк тартипти түзүү. Путиндин КМШ саммитинде айткандары