Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Быйыл республиканын ички дүң продукциясынын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашары болжолдонуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы "Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн. Жапаровдун айтымында, ИДПнын өсүүсү 8,7 пайызды, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 10,6 пайызды түзгөн. Былтыр номиналдуу ИДП 1,2 миллиарддан ашкан, ал эми быйыл 1,5 триллиондон көп болору болжолдонууда.
Бишкекте мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун катышуусунда Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташуу келишимине кол коюу аземи өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, макулдашуунун максаты шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында тамактануунун сапатын, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатында борбордун мэриясынын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары колдоо жана кеңейтүү үчүн тараптардын кызматташуусунун негиздерин түзүү болуп саналат. Долбоордун алкагында шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында тамак-ашты оптималдаштыруунун жол картасын, ошондой эле аны ишке ашыруунун планын иштеп чыгууну кошо алганда, тамак-аштын өзгөрүлмө моделдерин натыйжалуу башкаруу үчүн потенциалды өнүктүрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары мектептердеги жана бала бакчалардагы ашканаларды жарым-жартылай реконструкциялоо, инфраструктураны, электр энергиясын, канализацияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, жылытуу жана санитария менен камсыз кылуу; мектептердин инновациялык жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, техникалык потенциалын чыңдоо мектептерде жана бала бакчаларда туура тамактанууну камсыз кылуу үчүн оптималдаштырылган меню киргизүү каралган.
Маданий жана спорттук иш-чараларга билеттерди сатуу боюнча автоматташтырылган система киргизилет. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды. Анда өлкөнүн маданий жана спорттук иш-чараларына билеттерди сатуу процессин жакшыртуу максатында Борбордук автоматташтырылган билеттик системаны киргизүү каралган. Ал билеттерди сатуу, отчеттуулук жана аналитика жүргүзүү иштерин толук көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, система Салык кызматы менен интеграцияланып, билеттердин жүгүртүлүшү реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөрү белгиленди. Бул көмүскө рыноктун кыскарышына жана билеттердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алууга жардам берери кошумчаланды.
29-сентябрь, жекшембиде Бишкекте Snow Leopard Run 2024 V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Ала-Тоо аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат. Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт. Жарым марафондук маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Мындан улам айрым көчөлөр каттамдын боюна электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле катышуучулар үчүн тамак-аш пункттарын орнотуу зарылчылыгына байланыш