Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу боюнча маселе каралды.
Жыйында депутаттар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин чечимине макул болушту. Анда Аскар Акаевдин экс-президент статусун берүүдөн баш тартуу өтүнүчү жазылган.
Эске салсак, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев экс-президент статусун калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 30-июнда кайрылган.
Садыр Жапаров Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу өтүнүчү боюнча үн катты