Ливан менен Израилдеги кыргызстандыктар оор кырдаалга кабылса кайда кайрыла алат?

Региондо жүргөн жарандарга кырдаал турукташканга чейин чыгып кетүү сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. ТИМ кыргыз жарандарына Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады.
Ошондой эле мекеме тараткан маалыматта бул эки өлкөдөгү кыргызстандыктарга кырдаал турукташканга чейин чыгып кетүү сунушталган.
Министрлик кыргыз жарандары оор кырдаалга кабылса ишеним телефондор аркылуу жардам же консультация алса болорун билдирди:
Кувейттеги элчилик (+96525359951);
Түркиядагы элчилик (+905456896800);
ТИМдин консулдук департаменти (+996 999 312002).
Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы дүйшөмбү күнү эртең менен Ливандын түштүк жана чыгышындагы кыштактарды жапырт аткылоого алган. Айылдар жабыркап, 100дөгөн кишинин өмүрү кыйылган.
РФ ТИМи Израиль менен Ливанды согуштук аракеттерди токтотууга чакырды