Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Асман" шаары тууралуу айтып берди

Өлкө башчы Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максатын койгонун белгилеп, ал үчүн кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоо жигердүү жүрүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында климат маселесин көтөрүп, ал көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстан кандай аракеттерди көрүп жатканын айтып берди.
Ал Кыргызстан "жашыл экономикага" карыз алмашуу механизмин күчөтүп жана жайылтуу сунушу климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам болоруна токтолгон.
Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максатын койгонун белгилеп, кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоо жигердүү жүрүп жатканын айтты.
"Биздин "жашыл" келечекти куруу аракетибиздин бир эле мисалын келтиргим келет. "Неом" (Арабия), "Масдар-Сити" (Эмирликтер), "Вестерн-Харбор" (Швеция), "Солнечная долина" (Кытай) сыяктуу туруктуу өнүгүүгө багытталган "акылдуу шаар" долбоорлору ишке ашырылып, ийгиликтүү өнүгүүдө. Бул өлкөлөрдүн кыялы ишке ашып, бизге да үлгү болду. Биз быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап жана инновациялык "Асман" шаарын курууну баштадык. Келерки жылы Кемин шаарын куруп баштайбыз", — деди мамлекет башчы.
Ошондой эле өлкө башчы Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунан да учкай сөз козгогон.
Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту