Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Москвага барып беш спектакль коюп келди. Алтынай Иманбекованын айтымында, Россиянын борборунда Кыргызстандан барган артисттер "Пиковая дама", "Мастер и Маргарита", "Любовь и голуби", "Баба Шанель","Пегий пёс, бегущий краем моря" аттуу спектаклдерди тартуулашкан.
Спектаклдер Моссовет атындагы Мамлекеттик академиялык театрынын сахнасында 30-августтан 3-сентябрга чейин коюлуп, эл абдан жакшы кабыл алган. Атайын чакырылган Булгаков таануучулар «Мастер и Маргарита» спектаклине жогору баасын берген.
Белгилей кетсек, улуттук орус драма театры быйыл Россиянын мамлекеттик гостролдук программасына кирген. Алдыда дагы Нижный Новгород шаарына гастролго барышат.