АКШнын президенттигине талапкер Трампка дагы кол салуу болду

Трамптын АКШнын азыркы президенти Жозеф Байден сыяктуу эле кайтарылышы керектиги боюнча маселе көтөрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп анын жанынан ок атылганын, анткен менен аман-эсен экендигин жана "эч качан артка кайтпастыгын" айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Менден алыс эмес жерден ок жаңырды, имиштер жүрүп кете электе айтып коеюн, аман-эсенмин. Мени эч нерсе токтотпойт. Айтканымдан кайтпайм", — деген ал CNN телеканалына.
Талапкердин уулу окуя кайсы жерде болгонун айтып берген.
"Флорида штатында жайгашкан Уэст-Палм-Бичтеги Trump Golf Course гольф талаасында октун үнү угулган. Тартип коргоо органдарынын айтымында, бадалдан АК-47 автоматы табылган", — деген ал.
Америка бийлиги муну талапкерге кол салуу катары баалап жатат.
Маалыматтарга караганда, атайын кызмат бадалга жашынган кишини көздөй ок аткан. Шектүү качып кетүүгө аракет кылганы менен үлгүргөн эмес. Ал кармалгандан кийин ок атылган жерден жогоруда айтылган автоматтан тышкары эки рюкзак жана GoPro экшн-камерасы табылганын, ФБР иликтөө иштерин баштаганын билдиришти.
Ал арада Трамптын АКШнын азыркы президенти Жозеф Байден сыяктуу эле кайтарылышы керектигин бизнесмен жана президенттик шайлоодогу мурдагы талапкер Вивек Рамасв айтып чыкты.
"Трамптын аман калганына шүгүр. Бирок саясий күч колдонуунун бул мыйзам ченемдүүлүгүнө чекит дал бүгүн коюлушу керек", — деген ал.
Бул окуя боюнча Байден да үн каткан.
"Шектүү камакта, атайын кызмат менен тартип коргоо органдарындагы алардын өнөктөштөрүнүн кыраакылыгын, мурдагы президенттин жана анын айланасындагылардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин жогору баалайм", — деген Байден.
Трампка буга чейин да, тагыраагы, июлда кол салынып, ок кулагын чырпып кеткен.
Садыр Жапаров Дональд Трампка кол салууну айыптады