Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 4 жылда 838 млн. доллар түз инвестиция кирген

Соңку жылдары Россиядан келген каражаттын агымы өзгөчө өстү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 2019-2023-жылдары Кыргызстанга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринен 838 миллион доллардан кем эмес чет элдик түз инвестиция келгенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Агенттик Россия, Казакстан жана Беларусь боюнча өзүнчө маалыматтарды берген. Армениядан дагы инвестиция келери маалым, бирок анын көлөмү айтылган эмес.
Өлкөлөр боюнча сандар төмөнкүдөй:
Россия — 504,3 млн доллар;
Казакстан — 329,3 млн доллар;
Беларусь — 4,4 млн доллар.
Эң аз каражат 2020-жылы түшкөн: Россиядан – 13,5 миллион доллар, Казакстандан – 33,6 миллион доллар.
Соңку жылдары ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын өсүшү байкалууда. Алсак, 2023-жылы Россиядан 159,8 миллион доллар (2019-жылга караганда 4,2 эсе көп), Казакстандан 101,3 миллион доллар (дээрлик 2,7 эсе көп) келген.
Пресс-борбор
ШКУ менен ЕАЭБдеги транспорт коридорлорун өнүктүрүү кайсы этапка келди