Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү чемпион аталды

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү казакстандык каршылаштарын 10:4 эсеби менен жеңип алды.
Курама командалар Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беттешти.
Буга чейин кыргызстандык команда көкпар боюнча казакстандыктарга жеңилген. Көпчүлүк оюнду тейлеген калыс Казакстандын көкпар командасынын бешинчи "оюнчусундай" эле жан тартканын жазышты.https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/27737
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Көчмөндөр оюндары: Казакстандын командасы көкпар финалында жеңүүчү деп табылды