12-сентябрга карата аба ырайы

12-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12-сентябрь, бейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл жергесинде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +19...+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +27...+29 градуска көтөрүлөт.
Рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чара көрүлөрү айтылды