БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстанга 71 293 жеңил унаа алып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Биринчи кварталда өлкөгө 50 403 жеңил машина кирген. Анда январь айында азыраак импорттолгон, тагыраагы, 13,7 миң унаа келген.
Экинчи кварталда өлкөгө 21 миңге чукул унаа жиберилген. Статистикалык маалыматтарда апрелде 6,9 миң, майда 6,6 миң, июнда 7,4 миң унаа чет мамлекеттен киргизилгени айтылат.
Сандар кыскарганына карабастан импорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Өткөн жылы жарым жылда сырттан ташылган жеңил унаалардын саны 53,8 миң болгон.