Бишкекте милиция кармагандан кийин көз жумган киши. ИИМдин реакциясы

Окуя боюнча экспертиза дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Бишкектин борбордук бөлүгүндө 36 жаштагы жарандын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алды.
Эске салсак, 9-август күнү С.И. Кыргыз улуттук университетинин имаратына "мени өлтүргүлөрү келип жатат" деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Адамдар ага жардам берүүнү каалап токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди уккан эмес.
Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган. Өткөн күнү ал киши өзүн жаман сезип, каза болгону кабарланды. Бирок өлүмүнүн жагдайы айтылган эмес. Милициядан билдиргендей, С.И. 2015-жылдан бери психикалык ден соолук клиникасында, 2017-жылдан тарта наркологияда каттоодо турган.
Бүгүн социалдык тармактарда милиционерлердин кишини кармоо учуру тартылган видео тарады. Анда ал дем жетпей жатканын айтканын угууга болот. Маркумдун С.И. аттуу агасы бир тууганын патрулчулар муунтуп өлтүргөнүн айтып, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү өтүнүүдө.
Ички иштер министрлиги окуянын бардык жагдайларын кылдаттык менен текшере турганын кабарлады.
Экспертиза дайындалган.
Бишкектин четинде автоунаа сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду