БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Индонезия өлкөлөрү да ЕАЭБ менен эркин соода аймактарын түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
"Азыр келишимдер даяр турат, мындай аймактар алар менен соода жүгүртүүнү кыйла көбөйтүүгө жардам берет", — деген Алиханов.
Учурда ЕАЭБдин эркин соода аймагына Иран, Вьетнам, Сербия жана Сингапур кирет. Ал эми Индия жана Монголия менен сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды.