Кыргызстан жарым жылда 400 млн. долларга алтын экспорттоду

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг.— Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстан 405,8 долларга 5 тонна 684,3 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
2023-жылдын ушул мезгилинде өлкө 4 тонна 819,8 килограмм баалуу металл саткан.
Алтын алган өлкөлөр:
Улуу Британия — 2 тонна 850,8 килограмм;
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 848,5 кг;
Швейцария — дээрлик 971,5 кг;
БАЭ — 13,5 кг.
Талдоо көрсөткөндөй, май айында Улуу Британияга 1,4 тоннадан ашык алтын сатылган.
Маалыматтар ыкчам алынганын, тагыраагы, алдын ала берилгенин эскертебиз.
ЕАЭБ Кыргызстанды кандайча өзгөрттү. Көз караш, сандар, жыйынтык