Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынды

Мелдешке 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде өтүп, ага 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышкан.
1 / 2

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынышты

2 / 2

Мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде өтүп, ага 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышкан

Күмүш алгандар:
64 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча Саяк Бараканов;
спорттук самбо боюнча Адилет Кубаныч уулу.
Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло уткандар:
Байэл Жакшылыков;
Жамалбек Асылбек уулу;
Фарух Мамажанов;
Шахрер Идирисов;
Бекболот Токтогонов.
Күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында коло уткандар:
Курманбек Замирбек уулу;
Шерзат Кудайбердиев.
Акак Үсөн кызы кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эки коло утса, спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова бир коло медаль тагынган.
Кыргызстандык бийчи-спортчулар 30 өлкөнүн ичинен биринчи орунду алышты. Видео