Изилдөө: россиялыктардын 81 пайызы мигранттарга оң көз карашта

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 10 россиялыктын 8инде (81 пайызы) мигранттарга карата терс сезимдери жок жана алардан кооптонбойт. Бул тууралуу Бүткүл россиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун саясий изилдөөлөр департаментинин жетекчиси Михаил Мамонов билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы гана терс сезимдери бар экенин белгилешкен.
"Биз мигранттарга карата жаман көрүү жоктугун байкоодобуз. Респонденттердин 81 пайызы мигранттарга карата терс эмоциялары жок экенин айтышты. Бул чоң эле көрсөткүч. Дагы 12 пайызы гана терс сезимдерге дуушар болушарын билдиришти", — деген Мамонов.
Ал "Россия сегодня" эл аралык мультимедиялык маалымат борборунда өткөн "Улуттар аралык биримдик Россиянын өнүгүүсүнүн пайдубалы" аталыштагы тегерек столго катышкан.
Изилдөөнүн негизги тыянагы: россиялыктардын арасында улуттар аралык мамиледе позитивдүү баа басымдуулук кылат. Ошондой эле ал россиялыктардын 79 пайызы башка улуттагы коңшулары менен алаканы дос, тынч, зыяны жок деп баа беришкенин белгиледи.
Петербургда Кыргызстан менен РФтин акыйкатчылары мигранттардын көйгөйлөрүн укту