ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү өстү. Кыргызстандын көрсөткүчтөрү

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.
Анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайындагы өсүш 8,7 пайызды түзгөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү уюмдун бардык өлкөлөрүндө байкалды:
Арменияда — 22 пайыз;
Беларуста — 8 пайыз;
Россияда — 5,2 пайыз;
Казакстанда — 3 пайыз;
Кыргызстанда — 2,6 пайыз.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө Россиянын "бирдиктүү терезе" сынамык долбоору сунушталды