Нарында кыргыз салтын, маданиятын даңазалаган фестиваль өтүүдө. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бүгүн, 13-июлда, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Босого жайлоосунда "Кыргыз көчү-2024", ошондой эле"Кыргыз даамы-2024" туристтик жана этно фестивалдары өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы билдирди.
1 / 3

Бүгүн, 13-июлда, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Босого жайлоосунда "Кыргыз көчү-2024", ошондой эле"Кыргыз даамы-2024" туристтик жана этно фестивалдары өтүүдө.

2 / 3

Иш-чарага келген конокторго кыргыз көчүнүн маанисин жана кыргыз даамдарын даңазалаган театралдаштырылган оюн-зооктор тартууланып жатат.

3 / 3

Ошондой эле улуттук буюмдардын көргөзмөсү, спорттук оюндар жана концерт болот.

Иш-чарага келген конокторго кыргыз көчүнүн маанисин жана кыргыз даамдарын даңазалаган театралдаштырылган оюн-зооктор тартууланып жатат. Ошондой эле улуттук буюмдардын көргөзмөсү, спорттук оюндар жана концерт болот.
Саамалык улуттук маданиятты жана салттарды сактоо жана даңазалоо максатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Теңир-Тоо туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Маданият министри: аспаптарды жаңырттык, бирок музыкант жетишсиз