Кызыл Армиянын жолун ачкан ири танк кармашы. Тарыхый күндүн видеосу

Бул күнү эки тарап тең көздөгөн максатына жете алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Тарыхтагы эң ири танк кармашы деп аталган кагылышуу 1943-жылы 12-июлда Курскиде Прохоровканын алдында болгон. Согуштун дагы бир кандуу күнүн Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салды.
Иликтөөчүлөрдүн айтымында, мында 1500гө чукул советтик жана немецтик танкалар кагылышканын айтып келишет. Анткен менен эки тарап тең көздөгөн максатына жеткен эмес — немецтер Прохоровканы алмак тургай Кызыл Армиянын коргонуусун жарып өтө албай койгон, ал эми советтик аскерлер душманды курчоого ала алган эмес.
Канткен күндө да Советтик Армия немецтерди токтотуп, ССтин 2-танк группасынын сокку уруучу бөлүгүн жок кылган.
Прохоровканын алдындагы кагылышуудан кийин советтик жоокерлер чабуулга өтүп, 5-августта Белгород менен Орел, 23-августта Харьков бошотулган.
Бул нацисттердин Сталинграддын алдындагы кармашта жоготкон стратегиялык артыкчылыгын кайтаруу ниетине биротоло суу сепкен эле.
Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган. Тарых барактары