БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Үрүмчүдөгү "Кытай-Евразия ЭКСПО" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, документтердин баасы 1 миллиард 50 миллион долларды түзөт. Келишимдер өзүнө энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен жана башка тармактарды камтыйт.
Кол коюу аземинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин билдирген.
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар ишкерлер өзүнчө жолугушууларды да өткөрүп, инвестициялык долбоорлорду карап чыгышканы айтылды.