Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагы тынчтык Россиядан башка эч кимге керек эместигин айтышты

Чатактын токтошу биринчи иретте АКШ жана анын союздаштарына таптакыр пайдасыз экендигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. – Sputnik. Украина менен болгон тынчтык Россиядан башка эч кимге кереги жок, ал эми Батыштын бир катар мамлекеттерине чатактын уланып кетиши пайдалуу. Бул туурасында Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин айтканын РИА Новости жазды.

"Биздин мамлекет, президент ар дайым тынчтык орношу үчүн ачык жана так механизмдерди айтып-деп келет. Тилекке каршы, тынчтык бизге жана акыл-эстүүлүк менен ой жүгүрткөн бир канча өлкөлөрдөн башкаларга кереги жоктугун көрсөткөн учурларды да кезиктирип келебиз. Албетте, чатактын токтошу биринчи иретте АКШ жана анын союздаштарына таптакыр пайдасыз", — деген Пушилин.

Ал сүйлөшүү процесстери дайыма оор экендигин жана кыязы, эми коомчулуктун көзүнчө жүргүзүлбөшү ыктымалдыгын айткан.
"Ар дайым (сүйлөшүү — ред.) ары же бери ооп кетиши мүмкүн болуп турат, өзгөчө отко май чачкан Батыштын бир катар өлкөлөрү сыяктуу тараптар "салымын" кошот. Аларга чатактын токтобой андан ары уланышы пайдалуу", — деп кошумчалаган Пушилин.
Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Путин Россия Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпагандыгын айткан. Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдуманын спикери: Жогорку Раданын депутаттары Путиндин сунушун талкуулоодо