Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 млн доллар сатып алды

Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы тарабынан тогуз жолу интервенция жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Улуттук банк бир айдын ичинде (22-апрелден 21-майга чейин) ички валюта рыногунан 99 миллион 550 миң доллар сатып алды.
Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
Ай ичинде башкы банк төрт интервенция (чет элдик валюта сатып алган) жасаган:
22-апрель – 25 миллион 850 миң доллар;
26-апрель – 24,5 миллион доллар;
7-май – 17,7 миллион доллар;
21-май – 31,5 миллион доллар.
23-апрелден 22-майга чейин (адатта интервенциянын толук таасири кийинки күнү гана сезилет) доллардын орточо сатуу курсу 90 тыйынга төмөндөп, 89,66дан 88,76 сомго чейин төмөндөгөн.
Эске салсак, ушул жылдын башынан бери Улуттук банк эки жолу доллар сатып, жети жолу чет элдик валютаны сатып алган.
Улуттук банктын резерви бир айда 166 млн долларга көбөйүп рекорд койду