Радио

Эл аралык Ысык-Көл марафонунун деңгээлин көтөрүүгө аракет көрүлөт

Эл аралык марафон дирекциясынын төрагасы, КР Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров Ысык-Көл марафонунун кадыры жылдан-жылга артып жатканын айтты.
Sputnik
Ысык-Көлдө өтүп келген Run the Silk road эл аралык ШКУ марафонуна коло лейбл алуу кадамдары жасалат. Аны Эл аралык жеңил атлетика ассоциациясы берип, марафондук жарыштардын масштабына, деңгээлине жараша макамын аныктай турганын Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Run the Silk road жарышындагы коопсуздукка дыкат көңүл бурулуп, эл аралык талаптарга, эрежелерге жооп берүү кажет.
"Быйыл да Ысык-Көлдө Run the Silk road эл аралык Шанхай кызматташтык уюму марафону жогорку деңгээлде өттү. 30дан ашык өлкөдөн 3 миңдей катышуучу келип, күчүн сынашты. Быйыл Олимпиада жылы болгондуктан норматив толтурган спортчулар болгон жок. Бул марафон деңиз деңгээлинен 1600-1800 метр бийиктикте болгондуктан норматив толтуруу кыйын, бирок аны аткарса болот. Мындан ары марафондун деңгээлин дагы жогорулатып, коло лейбл алуу кадамдары жасалат. Аны Эл аралык жеңил атлетика ассоциациясы берип, марафондук жарыштар масштабына, деңгээлине жараша макамын аныктайт. Ал үчүн эл аралык стандарттарга, эрежелерге жооп беришибиз керек. Чолпон-Атадагы жарышта жол толугу менен жабылбай, жарымында унаалар жүрүп турат. Эгер коопсуздукту жакшыртабыз десек, анда ушул факторлорду да эске алышыбыз керек", — деди Надыров.
Ошондой эле адис негизи марафондук жарыштарды шаарлардын борбордук көчөлөрүндө өткөрүү тажрыйбасын көбүрөөк колдонсо болорун кошумчалады.