Кыргызстанга Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери келди

Тараптар көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча сүйлөшүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга келгенин өкмөттөн маалымдашты.
"Манас" эл аралык аэропортунан Лю Гочжунду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү маалымдалды.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында маданий программалар да уюштурулат.
Кыргызстан менен Кытай "Бедел" бекетин ачуу боюнча иштерди баштады