Өлкө БУУнун туруктуу эмес мүчөсү боло алат. Президент уюмдун өкүлүн кабыл алды

Садыр Жапаров Кыргызстан террорчулукту айыптап, БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басары – БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басары – БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды.

2 / 2

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Жапаров Кыргызстан терроризмди айыптап, БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын баса белгиледи.
"Баарлашуунун жүрүшүндө президент 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди. Шайлоо БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Воронков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кайрылуу жасады. Толук тексти