Бишкекте "Дени сактык – модалуу" акциясы өтөт. Мэрия катышууга чакырууда

Эстрада ырчылары да катышып, концерттик программа коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы "Дени сактык – модалуу" акциясын уюштуруп жатканын маалымдап, тургундарды катышууга чакырды.
Иш-чара 18-майда саат 10:00дө башталат. Анда катышуучулар Манас проспектинен Орозбеков көчөсүнө чейин, Орозбеков көчөсү менен Чүй проспектинен Турдакун Усубалиев атындагы аянтка чейин жөө жүрүш жасашат. Эстрада ырчылары да катышып, концерттик программа коюлат.

"Акциянын максаты – жаштар арасында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө жана терс көрүнүш менен күрөшүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул аракеттер УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин "Жаштар арасында наркобизнеске жана баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө" тапшырмасына ылайык уюштурулууда", деп айтылат маалыматта.

"Жеңиш каттары" акциясынын катышуучулары сыйланды