19-майда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 2 000дей катышуучуну чогулткан жарыш өтөт. Жарым марафон Россиянын 85 субъектисинде жана Кыргызстан, Беларусь, Тажикстан, Армения, Африка, Кытай, Өзбекстан, Түштүк Америка өлкөлөрүндө уюштурулганын Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарым марафон өтүүчү өлкөлөрдө бир учурда старт берилет.
"19-майда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 2 миңдей катышуучуну чогулткан жарым марафон өтөт. Жарыш Россиянын 85 субъектисинде жана Кыргызстан, Беларусь, Тажикстан, Армения, Африка, Кытай, Өзбекстан, Түштүк Америка өлкөлөрүндө болот. Бул эл аралык жарым марафон эң массалык старт катары Гиннесстин рекорддор китебине кирип, жылдан-жылга кулачын жайып келет. Учурда даярдыктар көрүлүп, катышуучуларды каттоо иши жүрүүдө. Спорт сүйүүчүлөр үчүн 5, 10 жана 21,1 чакырымдык аралык каралган. Мындан тышкары, кичинекей балдар да бир чакырымга чуркашат. Катышуучулар жарышты борбордогу Эски аянттан баштап, Фрунзе, Исанов, Тыныстанов, Чүй проспекти, Абдымомунов жана Эркиндик көчөлөрүн айланып кайра марага келишет", — деди Надыров.
Ошондой эле адис Кыргызстанда чуркоого кызыккандардын саны өсүп, Бишкектен тышкары аймактарда да жарыштар көп өтө баштаганын кошумчалады.