Кошумча 235 тонна алтын алуу пландалууда. Акылбек Жапаров Кумтөргө барды

Учурда кендин ишин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн 800дөн ашуун ар кандай техника, транспорттук каражат жана жабдык колдонулары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 5

Алгач Жапаров Кумтөрдүн жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, андан кийин жаңы экскаваторлорду куроо жана май куюучу бекеттердин абалы менен таанышканы айтылды

3 / 5

Ошондой эле учурда кендин ишин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн 800дөн ашуун ар кандай техника, транспорттук каражат жана жабдык колдонулары белгиленди

4 / 5

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кумтөр кенинен 13,567 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 миллион доллар болсо, таза кирешеси 302,5 миллион долларды түзгөн

5 / 5

Жапаров Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи

Алгач Жапаров Кумтөрдүн жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, андан кийин жаңы экскаваторлорду куроо жана май куюучу бекеттердин абалы менен таанышканы айтылды. Ошондой эле учурда кендин ишин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн 800дөн ашуун ар кандай техника, транспорттук каражат жана жабдык колдонулары белгиленди.
"Минкаб төрагасы Кумтөрдүн негизги карьерине барды. Февралда Кумтөрдө жер астынан алтын казып алууну баштоого старт берилген. Бул өз кезегинде 115 тоннага жакын алтын чыгарууга мүмкүндүк берет. 2026-жылдан тартып кендин калдык сактоочу жайындагы руда калдыктарынан алтын бөлүп алууну баштоо пландалып жатат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кошумча дагы 120 тонна алтын алынары божомолдонууда", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Кумтөр кенинен 13,567 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 миллион доллар болсо, таза кирешеси 302,5 миллион долларды түзгөн.
Жапаров Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Маселен, өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салык, социалдык төлөм жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 миллиард сом түшкөн. Жалпы кызматкерлердин саны 3000ден ашуун болсо, анын 99,9 пайызын жергиликтүү адистер түзөт.
Акылбек Жапаров: өлкө экономикасы I кварталда 8,8%га өстү