Катуу жаан жаап, дагы сел жүрөрү айтылды

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, сел жүрүү кооптуулугу күч экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 25-28-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштады.
Буга чейин жаан-чачындан улам өлкөнүн бир катар региондорун сел каптаган. Жогорку Кеңештин жыйынында кырсыктын кесепетин жоюу иштери тууралуу маалымат берип жатып өзгөчө кырдалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов селдин себептеринин бири катары арык, каналдардын жоктугун же тазаланбай таштандыга толушун атаган.
Радио
ӨКМ жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сел кооптуулугуна даяр турууга чакырды