Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сүрөт

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Андан сырткары, ар кыл тармактар боюнча жыйырмага чукул документке кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында "Зугульба" резиденциясында Жапаров менен Азербайжандын жетекчиси Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.
Андан соң эки өлкө президенттери тар курамда сүйлөштү. Мында соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү талкууланды. Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери Мамлекеттер аралык кеңештин II жыйынын өткөрүштү.
Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
Андан соң Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Ушул эле күнү эки лидер Баку шаарынын Азадлык — борбордук көчөлөрүнүн бириндеги сейил бакта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.
Кыргызстандын президенти эки өлкө ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун баса белгиледи. Кыргыз президенти Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду.
Сапардын экинчи күнү Жапаров менен Алиев Хыдырлы айылында болочок орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышты. Билим уясы Кыргызстандын элинен боордош Азербайжан элине белек катары курулмакчы.
Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары аяктап, Жапаров 25-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.
Азербайжан-Кыргыз фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйүп, 100 млн. доллар болот