КМШ өлкөлөрү террорчулук менен күрөшүүдө биригүү зарылдыгын айтышты

Министрлер, жыйындын катышуучулары террорчулук улутка карабастыгын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. КМШнын ТИМ жетекчилеринин кеңешинин катышуучулары бүгүнкү отурумда эл аралык террорчулук менен күрөшүүдө күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын белгиледи. Бул туурасында Шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев айтканын РИА Новости жазды.
"Сүйлөгөндөрдүн баары (тар форматтагы жолугушуу — ред.) терактыга ("Крокус сити холлдогу" — ред.) байланыштуу Россия тарапка көңүл айтып, эл аралык террорчулук менен күрөштө биздин күчтөрүбүздү бириктирүү зарылдыгын белгилешти", — деген башкы катчы.
Лебедевдин айтымында, жыйындын катышуучулары террорчулук улутка карабастыгын белгилешкен.
"Терактыны колдонуу менен өлкөбүздөгү элди бөлүп-жарууга жасалган кандай гана аракеттер болбосун каршы турушубуз керек. Террорчулук менен күрөшүүдө күчтөрдү бириктирип, өз ара иш алып баруу, кызматташууну активдештирүү сунушун Шериктештиктеги өлкөлөрдүн делегация башчылары колдоду", — деген Лебедев.
Эске салсак, Минскиде КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп, алар ар кыл тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Кийинки жыйын 7-октябрда Москвада болмокчу.
Россия менен Кыргызстан террорчулукка биргеликте каршы турат