БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы негизги алты жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп, үч көпүрө куруп, темир жол аркылуу үч жерден жаңы жол ачууну пландоодо. Мэрия бул үчүн тендер жарыялады.
Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:
Чүй проспектинин Манас проспектинен Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Масалиев проспектине чейинки бөлүгү;
Горький көчөсүнүн Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ал эми Жибек Жолу проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.
Көпүрөлөр Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн дарыясына салынат. Үчүнчү көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Бул долбоор Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.
Ал эми жаңы үч жол Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектин бириктирип, 7-Апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернатива катары пайдаланылат. Ага ылайык, Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалган.