Россия президентин шайлоо

Путин РФ президентин шайлоодо онлайн добуш берди. Видео

Шайлоо үч күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Владимир Путин Россияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо онлайн добуш берди.
Эскерте кетсек, шайлоо бүгүн башталды. Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, ал үч күнгө созулуп, 17-мартта аяктайт.
Аралыктан добуш берүүнү каалагандардын 50 пайызы же 2,5 миллион киши тандоосун жасады.
Ал эми жалпы жонунан Москва убактысы боюнча саат 19:10го карата (Бишкек убактысы боюнча 22:10) добуш бергендердин саны 27 пайызды түздү.
Россиядагы президенттик шайлоого КМШ байкоочулары мониторинг жасоодо