Кыргызстандан аркар алып кетип, аргындаштырган америкалык кармалды

Тажрыйба жасап жүргөн улгайган ишкер эки жылга кесилип, 250 миң долларлык айыпка жыгылышы мүмкүндүгүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Кызыл китепке кирген аркарды алып кетип аргындаштырууну каалаган америкалык киши тажрыйба жүргүзүп жатканда кармалганын АКШнын Юстиция министрлиги билдирген.
Жеке компаниянын ээси, 80 жаштагы Артур Жек Шубарттын аркар, кулжаларды туяктуу башка жаныбарлар менен "үйдө кармаган малга окшоштуруп" аргындаштырып жана сатуу менен алектенип келген. Бул кишиден аңчылык кылган жерлери, ранчолору бар тараптар аталган "продукцияларды" сатып алып турушкан. Андан соң алар акы төлөгөн аңчылыктарды уюштуруп, тажрыйба жүргүзүлгөн жаныбарларды ууга чыккандарга берүү үчүн пайдаланышкан.

"Шубарт АКШга Кыргызстандан аркарды генетикалык материал катары контрабанда жолу менен алып киргени үчүн күнөөлөнүп жатат. Лаборатория анын буюртмасы менен клондолгон түйүлдүктөрдү жасап келген. Шубарт тажрыйба жүргүзүп, кой тууган аркарларды алып турган. Монтана штатынын мыйзамдарында буга тыюу салынганына карабай уруктар кийин аргындаштыруу үчүн колдонулган", — деп жазылган министрликтин маалыматында.

80 жаштагы ишкер эки жылга кесилип, 250 миң долларлык айыпка жыгылышы мүмкүндүгүн айтышты.
Ысык-Көл менен Нарында аңчылыктын айрым түрүнө үч жылга тыюу салынды