Акылбек Жапаров Ош — Кашкар — Ош авиакаттамын ачууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош — Кашкар — Ош авиакаттамын ачууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жумушчу сапардын алкагында Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолуккан.
"Тараптар энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо, электрондук коммерция жана бондалык аймак маселелерин кеңири талкуулашты. Жапаров Ош — Кашкар — Ош аба каттамын ачууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле СУАР парткомунун катчысы Ма Синжуй менен СУАРдын элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
"Торугарт", "Эркеч-Там" бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады