Төрага Шакиев: Кыргызстандын армиясы күчтүү 100 мамлекеттин катарына кирди

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жети позицияга алдыга жылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстан аскердик кубаттуулугу жагынан Global Firepower Index рейтингинде 100-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Спикер акыркы жылдары коргоону жана коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого багытталган чаралар күчөтүлгөнүн белгиледи. Тагыраагы, аскердик жаңы техникалар, учкучсуз аппараттар, сооттолгон автоунаалар, абадан коргонуучу ракеталар, тик учактар, курал-жарак сатып алынды.
Ошондой эле ал чек аралар бекемделип, аны кайтарган аскер кызматкерлердин айлыгы 17 миңден 80 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн эске салды.
"Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн рейтинги 7 позицияга алдыга жылып, күчтүү 100 мамлекеттин катарына кирди. Бул, албетте, чек эмес, мекенди коргоого багытталган бардык реформаларды колдоону улантабыз. Башкысы, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!" — деди Шакиев.
Кинодогудай кадрлар! Балыкчыдагы "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан видео