Футбол союзу Штефан Тарковичтин мындан аркы тагдыры тууралуу айтты

Буга чейин Таркович өзү да команданы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деген ниетин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Бул оюндарда ал команданын башында, жанында болушу керек. Мындай пикирин жакында эле Футбол союзунун президенти кызматынан кеткен Медербек Сыдыков билдирди.
Эске салсак, Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы тайпада акыркы орунга илинип, плей-оффко чыга алган эмес. Жыйынтыгында президенти Сыдыков баштаган Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырышкан. Алар милдетин 19-февралга чейин кыргыз футболуна жаңы жетекчи келгиче аткарып турушмакчы.
"Машыктыруучу Штефан Таркович менен келишим 30-июнга чейин түзүлгөн. Алдыда анын дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Мындан улам машыктыруучу бул оюндарда команданы башында, жанында болушу керек", — деген Сыдыков.
Буга чейин Таркович өзү да келишим июнга чейин түзүлгөнүн айтып, команданы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деген ниетин билдирген.
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт