Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кем акылдык. Америкалык полковник АКШнын Россияга каршы планын сындады

Путин Батыш Россияны бөлүп-жарып жок кылып, өзүнө багындырып, ресурсун пайдаланууну көздөгөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын Россияны Украинанын жардамы менен жок кылуу аракети Вашингтон үчүн апаатка айланып, Москва бул кармаштан жеңүүчү болуп чыкты. Мындай пикири менен Пентагон жетекчисинин мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор соцтармактагы баракчасы аркылуу бөлүшкөнүн РИА Новости билдирди.
"Вашингтондун миңдеген украиналыктын өмүрү менен Россияны кыйратуу аракети Москванын стратегиялык жеңишин шарттады", — деп жазган ал.
Макгрегор мындай план бүт дүйнө жүзүнө АКШнын алсыздыгын көрсөткөнүн белгилеген.
Эскерте кетсек, өткө жылдын соңунда Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында Батыш Россияны бөлүп-жарып жок кылып, өзүнө багындырып, ресурсун пайдаланууну көздөгөнүн билдирген.
Трамп АКШны таштанды төккөн жайга окшоштурду