Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден конгрессчилер Киевге каралган жардамды токтотушу мүмкүндүгүн моюндады

Америка бийлиги былтыркы жылдын соңунда Украинаны колдоого каралган каражаттын түгөнгөндүгүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Конгресстеги азчылыктын чечиминен улам Украинага каралган жардам токтоп калышы мүмкүндүгүн мойнуна алып, аны оңбогондой зыян деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Оппозициядагы республикачылар президенттин Киевге жардам үчүн сураган 61 миллиард доллар суммасындагы өтүнүчүн миграциялык ири реформа менен байланыштырды. Ак үйдөн Украина боюнча кадамдардын стратегиясын иштеп чыгууну жана бөлүнгөн акчанын кайда, кантип жумшалгандыгынын эсеп-чотун талап кылууда.
Анткен менен бул маселени кечээ мыйзамчылардын жетекчилиги менен талкуулаган Байден журналисттерге "Конгресстин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Украинага жардам берүүнү колдой турганын" айткан.
"Маселе аны азчылык токтотуп кое алышында турат, эгер антишсе жакшы болбойт", — деген президент.
Америка бийлиги былтыркы жылдын соңунда Украинаны колдоого каралган акча түгөнгөндүгүн, Конгресс жаңы каражат карамайын ок-дары, курал бере албастыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Washington Post: АКШнын жардамынын кыскарышы Украина үчүн апаат болот