Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Лицензиясы жок болсо жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Ал бүгүн дары сатууга лицензициясы бар-жогун текшерүү боюнча буйрук чыгарганын айтты. Уруксат кагазы жок иштеп жаткандары жабылат.
Депутат Руслан Жакышев менчик дарыканаларда кымбат сатылып, бир эле дарыга ар кандай баа коюлуп жатканын айтты. Мындан улам аны тескөөгө чакырды.
Бирок министр дары баасын көзөмөлдөгөнгө укугу жоктугун, ошон үчүн мамлекеттик "Эл аман" дарыканалары ачылганын билдирди. Ал мамлекеттик мекемелерде жайгашкан менчик дарыканаларды чыгарып, "Эл аманды" жайгаштырып жатканын кошумчалады.
Кара-Сууда "Эл аман" дарыканасы менен оорукананын жаңы бөлүмү ачылды