БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынына келди.
Эл өкүлү кесиптештеринен аны сындабай турууну суранып, ким күнөөлүү экенин сот гана чечерин айтты.
"Сот учурунда менин да маалыматтарым болот, баарын угуп, өкүм чыккандан кийин сын-пикир айтсак. Ата-энем, үй-бүлөм бар, аларды, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Башка ушундай иш түшүп калса карайлап калат экенсиң", — деди Жамгырчиев.
Ал эми комитет төрагасы Сүйүн Абдылдаев анын иши парламентте каралып жатканда келип өз чындыгын айтса болмоктугун эскертти.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү ал парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын айткан. Анткени ал айыпталып жаткан иш оор кылмыштардын катарына кирбейт. Ташиев депутатты тергөөчүгө келип берүүгө чакырган.
УКМК төрагасынын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден эки досту (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.
12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган. Ал тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде кое берилген.