"Союз учурунда 15 республиканын экономикалык байланышы бекем эле. Кийин ал урап, мамиле үзүлдү. Экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү максатында Казакстандын мурдагы президенти Назарбаевдин идеясы, Россиянын демилгеси менен 2015-жылы ЕАЭБдин түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Аталган уюм Кыргызстанга жакшы таасирин тийгизүүдө. Эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөдө өндүрүш дээрлик токтоп калган эле, аны калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон. Учурунда Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) шашылыш кирип, бажы төлөмү 5,5 пайыздык төмөнкү чекте коюлуп калган. Натыйжада башкалар Кыргызстандын рыногуна кире алат, ал эми биздин ишкерлер башка рынокторго чыга албай калган. Мындан улам биз өзүбүздүн өндүрүштү коргой албай калдык. Өлкөдө өндүрүлгөн товар импорттук товарга атаандаш боло албай калды. Ал эми ЕАЭБге киргенде бажы төлөмү 10,5-11 пайыздык чек менен коюлду. Бул өз кезегинде ички рынокту коргоп, өлкөдөгү өндүрүштүн кайра калыбына келе башташына шарт түздү. Мындан тышкары, 180 миллион кишиси бар рынок ачылып, экспорт көбөйө баштады. Ошондой эле уюмдун үчүнчү өлкөлөр менен алакасы жакшырууда. Бул өз кезегинде Кыргызстандын экономикасына дагы жакшы таасирин тийгизет", — деди Байгуттиев.