БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Депутат Жанар Акаев окуучуларды эртерээк онлайн-окууга өткөрбөгөнү үчүн өкмөт өкүлдөрүнө чара көрүүнү талап кылды.
Ал эки күн мурун министрлик буйрук чыгарып, ата-энелерге эскертүү берип койсо болмоктугун белгиледи.
"Эшиктеги кычыраган суукту көрүп жатасыздар. Бишкек шаарында 215 миң окуучу бар. Бүгүн бүт баарын азапка салышты. Эртең менен мектепке барышты, онлайн окуйсуңар деп кайра үйлөрүнө жиберип жатышат. Канчалаган ата-энелерди, балдарды түйшүккө салдыңар. 215 миң окуучуну кычыраган кышта ушундай абалга калтырганы үчүн министрлер кабинетиндеги тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек", — деди Акаев.
Белгилей кетсек, катуу суукка байланыштуу Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн-окууга өтөрү бүгүн эртең менен маалымдалган.