БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды.
Улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндөгү экспозицияны В. Даль атындагы Мамлекеттик орус адабиятынын тарых музейи уюштурган.
Көргөзмө Кыргызстандагы Россия күндөрүнүн (11-12-декабрь) алкагында уюштурулган алгачкы иш-чара.
© Sputnik / Бакыт Смаилов
Келген коноктордун алдында жазуучунун уулу Аскар Айтматов, Якутия парламентинин депутаты Александр Жирков, Мамлекеттик орус адабиятынын тарыхы музейинин алдыңкы кызматкери Павел Крючков сөз сүйлөдү. Крючков бала кезинде Айтматов менен жолукканын эскерди.
"Кичине кезимде апам менен "Ак кемени" окуп ыйлаганбыз. Ошол эле жылы Чыңгыз Төрөкуловичтин Москвадагы чыгармачылык кечесине барып калдык. Мен анын китебин окуганда ыйлаганыбызды толкундануу менен айтып бергем. Ал киши апамды олуттуу карап, "Мен белгилүү адаммын. Китептерим үчүн жакшы акча алам. Бирок сиздин жана уулуңуздун көз жашы мен үчүн эң баалуу гонорар" деген. Мен гонорар эмне экенин билчү эмесмин, бирок жакшы нерсе экенин туйгам", — деди Крючков.
Көргөзмө ачылгандан кийин бул жерде "Руханий үрп-адаттарды сактоодо маданияттын ролу" аттуу пленардык жыйын өттү.