Садыр Жапаров климат боюнча саммитке катышуу үчүн Expo City Dubai борборуна барды

Саммитте мамлекет башчы билдирүү жасай турганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарындагы Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн Expo City Dubai көргөзмө борборуна барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алганы айтылды

2 / 3

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүшкөн

3 / 3

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде билдирүү жасай турганы кошумчаланды

Иш-чара БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп жатканы айтылды.
"Бул жылы ага 70 миңден ашык адам катышууда. Анын ичинде 140тай өлкөнүн лидери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алганы айтылды. Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүшкөн. Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде билдирүү жасай турганы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаровду Дубай кантип тосуп алды? Видео