Бишкекте Honda Fit унаасын уурдап 40 миң сомго саткан деп эки өспүрүм кармалды

Учурда уурдалган автокөлүктү сатып алган адам изделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте Honda Fit үлгүсүндөгү унааны токтоп турган жеринен айдап качып, арзан сатып жиберген деп эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 27-ноябрда милицияга С.А. аттуу аял кайрылып, Патрис Лумумба көчөсүндөгү унаа оңдоочу жайлардын биринин жанында токтоп турган 500 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кеткенин айтып, арызданган.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси ( "Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 16 жана 17 жаштагы эки бала кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 17 жаштагысы буга чейин соттолуп чыкканы маалым болду.
"Уурдалган автоунаа Жалал-Абад облусунда 40 миң сомго сатылган. Учурда автокөлүктү сатып алган адам изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Үйгө кирген уурулардан кантип сактанса болот? ИИМдин кеңеши